Бүгүнкү “Апта каарманы» түрмөгүндө «Таш көмүр падышасы», «Кыргызстандын Жириновскийи» аталган Нурлан Мотуев тууралуу сөз болот.
«Жоомарт» кыймылынын лидери Нурлан Мотуевди ички иштер министрлигинин кылмышты издөө башкармалыгы шаршембиде камакка алды. Анын чоо-жайы тууралуу бул апта ичинде толук маалымат берилген жок. Айрым маалымат булактары ага каршы Каракече маселеси боюнча Кылмыш Кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш козголгондугун маалымдашууда.
Нурлан Мотуев түзгөн «Жоомарт» кыймылынын мүчөлөрү өткөн жылдын 6-майында Каракечедеги «Акулак» кенин күч менен ээлеп алып, өзү башкарууга алган жана карамагына калган «Бешсары», «Шарбон», «Акжол», «Демилге» кен аймактарынын техникаларын өзүнө караткан. Кийинчерээк «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги башчысы Пайзулла Рахманов Н. Мотуевдин кызмат ордун бекиткен. Муну мыйзамсыз деп чыккандарга жооп кылып акционерлер Н. Мотуевди «Акулак» мамлекеттик акционердик коомунун башкы директору кылып шайлашкан.
Бирок, республикадагы коомдук-саясий чөйрө Н. Мотуевдин ишмердүүлүгүн колдогон эмес.
Стратегиялык аймак талоонго кабылды дегендердин алды сотко берип, арты саясий трибуналарда бул жагдайды өлкөдөгү баш аламандыктын бир көрүнүшү катары сындап келишти. «Жоомарт» кыймылы болсо Н. Мотуевди кызматтан алуу максатын көздөгөн бийликтин аракеттерине нааразылык акциялары менен жооп кайтарып, «Кыргыздын Жириновскийин» коргоп келди. Камала электе «Азаттыкка» берген маалыматынын биринде Н. Мотуев анын тагдыры Жумгал элинин колунда экенин белгилеп, бирок, өзүнүн Каракечени өз колуна алышын туура кадам катары баалаган:
- Бакиев, Кулов, Сыдыков деле мыйзамдуу келип отурган эмес. Мисалы, былтыр шайлоо болмок. Акаев айткан 2005-жылдын ноябрында болот деп. Ага жетпей эле 24-мартта Акүйдү талкалап ээлел кирип отуруп алышпадыбы. Караечени мен деле ошол жол менен алдым. Келдим дагы Акаев кетсе, Акаевдин куйруктарын мен тазалайын деп кууп чыктым дагы, биякты элге иштете баштадым. Болгону ошол.
Президент Курманбек Бакиев Каракечедеги жагдайды сот аркылуу чечүү керек деген пикирин айтып, бирок, бул айрым саясатчылар белгилегендей, жалпы өлкөдөгү стабилдүүлүккө терс таасир тийгизбейт деген.
Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун дээринде демократиялык башаты бар Мотуев Каракече маселесинде аша чаап кетти деп сындады:
- Ыңкылапты сөзгө калтырды, жаманатты кылды. Ачыгын айтканда өндүрүштү сызга отургузуп койду.
Бийликтин да, соттун да айласын кетирген Нурлан Мотуевдин Каракечеде «Таш көмүр падышасы» аталып, бекем отурушу анын артында таасирдүү күчтөр бар деген пикирди пайда кылды. Алардын катарында кылмыш чөйрөсүнүн да, мамлекеттик таасирдүү ишмерлердин да аттары аталып жүрөт.
Тоо кенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев, маселен, Н.Мотуевдин мыйзамсыз аракеттерине жол бергендердин, көзөмөл кылбагандардын катарында «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилигин, жергиликтүү бийлик бутактарын атады. Коомдук ишмердин оюнда, Каракече чатагынын артында кылмышкерлер турушат:
- Мына Мотуевдин жанындагылардын бардыгы кылмышкерлер. Азыр ошолор башкарып атат. Алардын бардыгын мыйзамдын негизинде жоопко тартыш керек дегенбиз. Бирок, узарып кетти.
Каттоодо турбаган патриоттук партиясынын лидери Назарбек Нышанов Н. Мотуевди акаевчил өкмөт атайылап жаманатты кылды дейт:
- Куловго каршы айтканы да, Рысбек Акматбаевге кошулуп жүргөнү да белгилүү. Ошон үчүн куловчулар, анын тартип коргоо органы артынан түшүп, аны жаманатты кылып, жеп алды, ичип алды деген аракеттер жасалды.
Маркум Рысбек Акматбаев болсо өз кезегинде Нурлан Мотуев менен эч качан байланышы болбогондугун журналисттерге маалымдаганы бар.
«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулова Н. Мотуевди колунда бийлиги бар саясатчылар өз кызыкчылыгына пайдаланды деп болжойт:
- Чындыгында бийликтегилер пайдаланды. Колунда бийлиги жок саясатчылар пайдалана алмак эмес. Саясатчыларга таянып туруп ошондой ишкананы (эми Турдакун Усубалиев, Камчыбек Жолдошбаев өңдүүлөр деле кичинекей адамдар эмес да) ушулардын менчигин эч качан Мотуев өз алдынча тартып алып кое алмак эмес. Артында эл турса деле мыйзам менен түздөсө болот болчу. Мамлекет ага көзүн жумуп койду да, андан ары мыйзам буза бер дегендей шарт түзүп койду.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков бул тууралуу маалыматы жок:
- Аркасында адамдар турат деп айта албайм. Себеби мен көргөнүм жок. Кабарым жок. Мага белгилүүсү Ыңкылаптан кийин Каракече көмүр чөлкөмүндө баш аламандыктар өкүм сүрдү. Жергиликтүү бюджетке көп салык түшпөй калды.
Өткөн бир жыл ичинде «Көмүр» ишканасынын мурдагы жетекчиси Пайзулла Рахмановдун Н. Мотуевди коргоп, маалымат жыйынын уюштурганын эске албаганда, расмий бийликтен кимдир бирөө аны жактап чыккан жагдайлар байкалган жок. Ошондой болсо да эл оозунда кыйла расмий өкүлдөр Н. Мотуевди тымызын пайдалангандардын катарында аталып жүрүшөт. Муну эске алган Азиза Абдрасулова тартип коргоо кызматы ошол көмүскөдө турган таасирдүү адамдарды Н. Мотуев менен бирге жоопко тартыштын аргасын табышы керек дейт.
Азиза Абдырасулова пикиринде Нурлан Мотуевдин ушундай тагдырга кирептер болушуна өзү күнөөлүү. Анын оюнда мактап койсо тоону томкорууга даяр алабармандыгы, ойлонбой сөз сүйлөгөнү, ойлонбой иш жасаганы анын башына муш болду.
Мурда коомчулукта журналист катары таанылган Нурлан Мотуев саясий чөйрөдө алгач патриоттук кыймыл түзүү аркылуу көрүндү. Ошол кездеги Турсунбек Акун, Назарбек Нышанов өңдүү санаалаштары менен түзгөн бул кыймыл кандайдыр бир максатты ишке ашырбаганы менен, Акаевдин бийлигине сүр көрсөткөн күчтөрдүн караанын көбөйтүүгө жарады. Кийинчерээк Н. Мотуев башка санаалаштарынын катарында ыңкылап жасоого белсенгендердин агымына кошулган.