БИШКЕК. Жалалабат шаарында бүгүн 60ка чукул кыргыз жаш жигиттер топтошуп, дубанда айтылып баштаган өзбек тилине расмий макам берүү талаптарын айыптап чыгышты. Алар ЖК депутаты Кадаржан Батыров уюштурган “Эл достугу” университетинин жанына барып, мындай демилгеге каршы митинг уюштурмак болушуп, бирок тартип коргоо органдарынын тушүндүрүү иштеринен кийин тарап кетишти. Аталган университетке күчөтүлгөн күзөт коюлду. Бул тууралуу Жалалабаттагы кабарчыбыз Рысбай Абдураимов билдирди. Эскерте кетели, Жалалабад шаарында өзбек улутунун өкүлдөрү 27- майда өзбек тилине расмий макам берүүнү талап кылган акция болуп өткөрүшкөн.