АКШ сенаты Майкл Хайденди ЦРУнун директорлугуна бекитти

Бул орунга дайындалганга чейин генерал Хайден улуттук чалгындоо кызматында директорго орунбасар болуп иштеген. ЦРУнун мурдагы директору Портер Госс жакында кызматтан бошонум алган эле.