Тбилисиде президент Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кылган массалык митинг өттү

Тбилисиде кезектеги массалык митинг өттү. Президент Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кылган бул митингке миңдеген адамдар катышты. Алар өлкөгө оппозициялык “Акыйкат” партиясынын лидери Игорь Георгадзенин келишине уруксат берилишин да талап кылышты. Учурда Георгадзе Россияда. Ага 1995-жылы ошол мезгилдеги президент Эдуард Шеварнадзеге кол салууну уюштурган деген кине коюлуп, издөө жарыяланган. Нааразылык акция Грузиядагы “АнтиСорос” коомдук уюму тарабынан уюштурулду.