Күндүн катуу ысып кеткендигинен Баткен районунун Таян айылынан өткөн каналдагы суунун денгээли чегинен ашып, тогуз айылга кеткен автожолду керектен чыгарды. Күтүлбөгөн суу ташкынынын айынан аталган аймактагы жогорку айылдар жолсуз, ал эми төмөнкү айылдар суусуз калышты.
Баткен районуна караштуу Кыштут айылынан Таян айылы андан ары Өзбекстандын айылдарына кеткен каналдагы суунун деңгээли чегинен ашып, жанаша турган автожолду жууп кеткен. Капчыгай, кокту колот, айтылуу Зардалы Жылуусуу конуштарына чейин жар бойлоп салынган жалгыз жолдун бузулушу, күнүмдүк тиричилиги Баткен жана Өзбекстандын базарларысыз өтпөй турган тогуз айылдын тургундарына күтүүсүз кыйынчылык туудурду.
Жол бузулгандан бери бул жер автобекеттердеги күтүү залына айланды. Айырмасы бул жерде имаратта эмес капчыгай шамалында, орундук эмес ташка отуруп күтүү керек. Биз барган учурда Кыштут айылынын тургуну Адиламит Сүйүнов Баткенден кайткан туугандарын күтүп турган экен:
-Баткенден келаткан туугандарды күтүп турабыз. Бул жерден сайга түшүп андан ары 15 чакырым жөө кетебиз. Биз бийликтегилерден суранабыз, тезирээк жолду оңдоп берсе.
25-май классташтардын жыйырма жылдык жолугушуусуна Баткен шаарынан Кыштут айылына келаткан Гүлбара Шералиева алдыда 15 чакырым жөө жүрө турганын айтты. Гүлбара эжени күтүп алган иниси Бакыт Шералиев, эгер бирөө жарым кеселдеп калса анда айла табалбайбыз дейт:
- Эң башкысы кудай сактасын эч ким ооруп калбасын, андай болсо эмне кылабыз, билбейм?
Бул кырсыктын себеби, көптөн бери ондоп түзөө иштери жүргүзүлбөгөн, жол бойлогон канал. Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы Саитмурат Матраимов убагында жергиликтүү башчылар көңүл бурганда мындай болбойт эле деп белгилейт:
- Зарыл иши барлар ылдый жактан өтүп жатышат. Биз өтпөгүлө дегенге болбой өтүп жатышат. Ал жерде коркунучтуу, аябай коопсуздук жогору.
Жогорку зонада сегиз жарым миң эл жашайт. Менин айыл өкмөткө шайланганыма үч-төрт ай болду. Мурда каналга эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Ылдый жакты төрт айылдын эли суусуз калды. Азыр алар сууну ар кайсыл жерден ташып ичип жатышат, -деди Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы Саитмурат Матраимов.
Окуя болгон жерге Баткен облусунун губернатору, Баткен районунун акими, Өзбекстандын Сох район башчыларынан жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү барышып абалдын оордугун баалап маселеге чогуу кирише турган болушту.
Бул тууралуу Баткен облус губернаторунун орун басары Акжол Мадалиев билдирип, биринчи максат жолду калыбына келтирүү керек дейт:
- Кырсык болгон жерге губернатор баш болуп, МЧС өкүлдөрү, Өзбекстандын Сох районунун да айылдары пайдалангандыктан өзбек туугандар барып, абал менен жакындан тааныштык. Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагынан өткөн каналдагы суудан ошол аймактагы сегиз кыргыз айылдары менен кошо кошуна Өзбекстандын бир айылы пайдаланып келишет. Кырсыкка кабылгандарды калыбына келтирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин багыты боюнча 5 тонна күйүүчү май берилди, ал эми, өзбек кошуналар 4 тонна цемент бере турган болушту. Бизге биринчи кезекте жолду калыбына келтиришибиз керек. Азыркы учурда автожолду оңдоого зарыл керек болгон техникаларды жөнөтүп жатабыз.