БИРИККЕН УЛУТТАР СИРИЯ МЕНЕН ЛИВАН МАМИЛЕЛЕРИН КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮДӨ

Нарын АЙЫП, Прага Мындан бир апта мурда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Сирия жана Ливан ортосундагы мамилелер тууралуу атайын резолюция кабыл алган. Резолюция - эки мамлекет ортосунда толук кандуу дипломатиялык мамиленин түзүлүшүн талап кылат, бирок Сирия жана башка мамлекеттер аны эки өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалап жатат.
Коопсуздук Кеңеши 17-май күнү кабыл алган 1680-резолюциясы 2004-жылы жактырылган 1559-резолюциянын толук аткарылышын талап кылат. Ал биринчи чечим боюнча Ливандын аймагында аракеттенген "Хезболла" сыяктуу куралдуу топтор куралсыздандырылыш керек деп айтылган жана аймактагы бардык мамлекеттер, алардын ичинде Иран, Ливан жана Сирия ортосунда толук кызматташуунун орношу талап кылынган.

Экинчи резолюцияда - региондогу бардык мамлекеттер Ливан менен толук кызматташууга тийиш деп кайталанат жана анын ажырагыс бөлүгү катары - Сирия менен Ливан ортосундагы чек ара аныкталып, эки мамлекет толук кандуу дипломатиялык мамиле түзүш керек деп да жазылган. Буга чейин чек ара дээрлик ачык болчу жана ал, айрым Батыш саясатчыларынын пикиринде, Ливандын саясатына терс таасир тийгизип келген.

Батыш мамлекеттери региондо көптөгөн террордук уюмдар аракеттенгени боюнча өтө тынчсызданат, ал уюмдар Сирия жана Иран тарабынан колдоого алынып, каржыланганы тууралуу да маалыматтар бар.

Ошондуктан Ливан жана Сирия ортосунда чыныгы чек ара орногону мындай абалдын толугураак көзөмөлгө алынышына алып келүүгө тийиш. Анткен менен Сирия жана айрым башка мамлекеттер 17-май күнү кабыл алынган резолюцияны сындап чыгышты.

Резолюция өткөн күндүн эртеси Сирияга Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки иш сапар менен келген жана анын айтымында, дипломатиялык мамиле түзүү менен чек араны аныктоо - эки кошуна мамлекеттин өздөрүнүн иши жана мындай маселеге Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин кийлигишкени эл аралык мыйзамдардын шарттарына жатпайт.

Резолюцияны 18-май күнү Маскөө дагы сынга алды. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин айтымында, резолюциянын долбоору АКШ, Британия, Дания, Словакия жана Франциянын демилгеси менен иштелип чыккан жана анын 2004-жылдагы чечимге тийешеси аз. Ошондуктан бул чек ара же дипломатиялык мамилелер тууралуу маселелер боюнча атайын резолюция кабыл албастан, жөн гана Коопсуздук Кеңешинин төрагасы кайрылуу жасап койсо болмок. Ошол себептен резолюция талкууланганда Кеңештин 15мүчөсүнүн экөө - Кытай менен Орусия - ал үчүн добуш бербестен, калыс калышты.

Дамаск болсо резолюцияны - Батыш тарабынан ага жасалып жаткан кысым катары баалады. Сирия жетекчилигинин айтымында, дипломатиялык мамилелер жана чек ара маселелери келечекте сөзсүз чечилүүгө тийиш, бирок Батыш бул иштер боюнча Сирияга эч кандай басым жасабаш керек жана мындай резолюциянын кабыл алынышы - дүйнөлүк тажрыйбада мурда болбогон нерсе.

Ал эми АКШ жетекчилиги жаңы резолюцияны - эл аралык террорчулукка каршы жалпы күрөштүн бөлүгү катары баалайт. Ал тууралуу АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Генри Крамптон 23-май күнү Бейрут шаарында өткөн конференцияда айтты. АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтондун пикиринде болсо, жаңы резолюция Ливанда стабилдүүлүк орнотуу багытында иштейт жана бул маселеде Сирия менен Иран канчалык мааниге ээ экенин аныктайт.

Ливандын аймагында Сириянын өкмөттүк аскерлери 30 жылга жакын кармалган жана эл аралык коомчулуктун талабы менен былтыр май айында өлкөдөн чыгарылды. Андан тышкары, былтыр 14-февралда Бейрут шаарында ири террор аракети ишке ашырылып, андан Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири курман болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ага кошуна Сириянын коопсуздук кызматынын тийешеси бар болгон жана маселе азыр эл аралык эксперттер тарабынан иликтенүүдө.