27-майдагы тынч митингке отуз миңдей адам келиши ыктымал

БИШКЕК. Кечээ “Реформа үчүн” кыймылынын штабы кезектеги отурумун өткөрдү. Анда Алатоо аянтында 27-майга белгиленген тынч митинг саат 11де башталышы такталды. Ар бир колонналарга атайын коопсуздукту, тартипти камсыз кылуучу адамдар дайындалды. Бул күнкү митингке, уюштуруучулардын болжолунда, 20-30 миң адам келиши ыктымал.