Оштун жаңы губернатору парламенти таркатуу акцияларына чек коет

Ош облусунун губернатору болуп дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев 25-майда парламенте сөз сүйлөп, парламентти таркатуу боюнча акцияларга Ош облусунда чек коюларын билдирди. Ал бул кызматка макулдук берүү алдында «Реформа үчүн» кыймылынын өкүлдөрү менен макулдашканын белгилеп, жаңы кызматта Ош облусунун экономикасын көтөрүү, диний экстремизмге жана террорго каршы турууга, чегарадагы маселелерди чечүүгө басым жасаарын билдирди.