Ирандын президенти Махмух Ахмадинежад “Батыш өлкөлөрү Тегеранга өзөктүк программаларын өнүктүрүүгө тоскоолдук кыла албайт, эгерде мындай аракеттер жасалса, тарыхый мааниге ээ болгон жооп алат” деген билдирүү жасады. Ошону менен бирге Ахмадинежад Ирандын өзөктүк программалары тынчтык максаттарды көздөөрүн белгиледи.