Кыргызстан экономикасы 8 пайызга өсүшү мүмкүн

Кыргызстандын экономикасы экинчи жарым жылдыкта да өнүгүүсүн улантса, анда ички дүң продуктынын 8 пайыз өсүшү мүмкүн, деп билдирди Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Пауло Нойхаус 24-майда маалымат жыйынында. Бюджетте каралган 5 пайыз өсүү бул минималдык көрсөткүч, деп белгилеген П. Нойхаус, 8 пайыз өсүштүн реалдуулугу биринчи алты айлыктын жыйынтыгынан кийин толугураак айкын болот, деп кошумчалады.