Коргоо министрлиги коррупцияга каршы күрөш боюнча отчет берет

БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министр Феликс Куловдун катышуусунда Коргоо министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү иш чарасынын жыйынтыгы угулат. Ага “Жоокерлердин энелери” комитетинин жетекчиси Галина Афонина, согуштун жана ооруктун ардагерлер кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев да катышат.