27-майда Куралдуу Күчтөр күнү Алатоо аянтында белгиленет

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү 27-майда Алатоо аянтында 28-май чегарачылар күнүнө карата, 29-май Куралдуу Күчтөрдүн күнүнө карата салтанаттуу иш чарларды өткөрөт. Мындай майрамдык иш чараны өткөрүү жөнүндө чечим 23-февралда кабыл алынып, Бишкек шаардык мэриясына мурдатан сунушталган. Белгилүү болгондой кыргыз оппозициясы 27-майда Алатоо аянтында митинг өткөрүүнү белгилеген. Бул эки иш чаранын бир убакта, бир жерге белгилениши кокусунан болгон дал келүүчүлүк, деп белгиледи Исмаил Исаков.