Чолпон Орозобекова, Бишкек Мамлекеттик катчы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен Дастан Сарыгулов аны Акаевдин кадры деп күнөөлөш адилетсиздик деп эсептейт. Тескерисинче, Акаевге жакын туруп, байлык топтогон адамдар бүгүн реформаны талап кылып, элге күйгөн адамдар болуп чыга калууда.