СПИД курмандыктарын эскеришти

БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда СПИД дартынын курмандыктарынын дүйнөлүк күнү белгиленди. Иш- чаранын катышуучулары ар бир каза тапкан адамдын элесине арнап асманга шарларды койо беришти. Учурда Кыргызстанда расмий маалымат боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыккан 911 адам бар.