БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга АКШдан эксперттердин тобу келип, Ганси аскердик базасы боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бул маалыматты Тышкы иштер минитсрлигинин басма сөз кызматы да тастыктады. Буга чейин Президент Курманбек Бакиев “Азаттыкка” берген маалыматында бул жолку сүйлөшүүлөр акыркысы болот деп билдирген. Бул сүйлөшүүлөрдө ижара акысы эң башкы тема болмокчу. Кыргыз бийлиги мурдагыдан ижара үчүн 100 эсеге көп каражатты сурап жатат.