12- майдагы кандуу окуя Коопсуздук кеңешинде каралат

БИШКЕК. 12- майдагы кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу окуянын себептери жана кесепеттери жакынкы күндөрү Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов билдирди. Бул окуя боюнча Коопсуздук кеңеши өз алдынча да иликтөө жүргүзүүдө. Окуя болгон жерден кайтып келген Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары Алик Орозов эртең президентке кирип, иш сапарынын жыйынтыгы боюнча отчет берет. 12- майда Баткенде мыйзамсыз куралчан топтун колунан Кыргызстандын күч органдарынын 6 кызматкери набыт болгон.