ЖАЛАЛАБАТТА ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БОЛУП ӨТТҮ

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалалабатта бир нече саясий партиялар менен уюмдардын уюштуруусунда 20-майда Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча республикалык элдик курултай болуп өттү. Анда уюштуруучулардын маалыматы боюнча 4 жарым миң адам, ал эми Айкөл Манас аттуу партиянын маалыматы боюнча миң адам катышты. Курултайда Жогорку Кеңешти таркатуу жана Конституциялык реформага даярдык көрүү маселеси талкууланып, курултай алты бөлүмдөн турган чечим кабыл алды.
Курултайдын делегаттары парламентти таркатуу жана Конституциялык реформага даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Делегат Айчүрөк Мамажанова “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүнүн менчиктештирилген мүлк байлыктары жөнүндө маалымат берип, өлкөдөгү тынчтыкка шек килтиргендиги үчүн парламент жоюулусу зарыл деп эсептейт:

- Элдин жашоо турмушун жакшыртууга ачыктан-ачык бут тосуп тоскоол болуп жаткан республиканын азыркы депутаттардын көпчүлүгү десем жаңылбаймын.

Таанымал саясатчы Топчубек Тургуналиев конституциялык реформа жөнүндө баяндама куруп, эл аралык республикалык институттун сурамжылоосуна тартылган 5 миң адамдын 48 пайызы президенттик башкарууну жактаганын билдирүү менен, учурдагы олку-солкулукка экс-президент Аскар Акаевдин тарапкерлери таасир этүүдө деген оюн айтты. Ал өз партиясы “Куттуу Кыргызстан” партиясы менен бирге башкаруунун ыкмаларын элге түшүндүрөрүн кабарлады:

- 29-апрелдеги митингди уюштуруучулардын артында Кулов турат. Алардын кайсы жерде, качан тымызын жолуккандарына чейин билебиз. Алар кайсы жактан акча алып, майкаларды 50 миңдеп чыгаргандарына чейин билебиз. Алардын артында акаевдер турат. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дейт. Бүгүн кайнабай жатат. Биз президентке мамлекеттин башчылыгын дагы, өкмөт башчылыгын толугу менен берели деп чечтик.

Курултай 6 бөлүмдөн турган чечим кабыл алды. Ага ылайык парламентке эки ай ичинде өзүн-өзү таркатуу, ал маселени референдумга алып чыгуу талаптары коюлду. Талаптары аткарылбаса саясий акциялар уюштурулары эскертилди:

- Эгерде өздөрү таркабаса, анда күздөгү референдумга Жогорку Кеңешти таркатуу маселеси коюлсун. Экинчиси, Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевден деструктивдүү парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талап кылынсын. Үчүнчүсү, эгер ушул талаптар аткарылбаса, анда Кыргыз Республикасынын аймагында азыркы парламентке каршы саясий акцияларды жүргүзүү максатка ылайыктуу экендиги белгиленсин - деп чечимди таластык делегат Аман Сооронкулов окуп берди.

Базаркоргондук Сейит Кадырбеков парламентти жоюу жана бийликти бир адамга берүү демилгесине каршы болду:

- Элдин парламент таркасын деп айтканы туура эмес, жеке башкаруу башыбыздан өттү. 14 жыл ичинде Акаевдин аялы, кызы Бермет, баласы Айдар, күйө баласы Адил Тойгонбаев эмнеге алып келди? Куду ушул жол менен кетип аткан Бакиевдин баласы Марат, Максим жана жубайы Татьяна куду ушул эле жол менен кетип атат.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин жардамчысы Кубатбек Артыковду жыйындагылар кууп чыккан жана тартип сакчылар аны бөлүмгө алып кетүүгө аракет кылган:

- Топтолгон элдерден мен угуп атам, көпчүлүгү нааразы болуп атат бизди кандай маандайда чакырды эле, депутаттар келет дебеди беле. Алар келбей калды, Топчубектин жададык, анын үнүн угуп жүргөнбүз, Акаевге калпак кийгизген киши эле нааразы болуп атышат. Бакиевди колдойбуз, пайда келтиребиз деген мааниде уюштуруп алып, кантип зыян келтиргенин билбей атат. Ошондуктан бул мыйзамсыз, Бакиевдин авторитетин төгүп аткандык.

Оштук делегат Тимур Камчыбековдун сөзү боюнча ыңкылаптын идеялары ишке ашкан жок:

- Ош облусунда 40тан ашык чиновниктер боюнча резолюциясын кабыл алганбыз. Бирок биздин кабыл алган резолюциябызды, бүгүнкү Курманбек Салиевчтин жаңы бийлигинин тушунда иштеп аткан мэр, губернаторлор, милиция башчылары кош колдоонун ордуна каршы чыгышты. Чыныгы патриоттор бүгүн талаада жүрөт. Кечээ бизге анти митинг уюштуруп, эл бузукулар, Акаевдин жуугундукорлору бүгүн жаңы бийликтен дагы майлуу орундарды ээлеп алышты - деген сөздү айтты оштук делегат Тимур Камчыбеков.