БИШКЕК. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттерине кайрылуу даярдалып, ага түштүк дубандардын 40 миңге чукул тургуну кол койду. Кайрылууда эки өлкө ортосуна визасыз режим киргизүү талабы айтылган. Мындай иш-чараны айрым саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар уюштуруп жатышат.