ЖАЛАЛАБАТ : ЖООКЕРЛЕР ӨКМӨТТӨН ЖАРДАМ КҮТӨТ

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалалабаттагы аскер бөлүктүн офицерлери менен прапорщиктери президент менен өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына эмгек акыларын жогорулатуу жана тамак-аш азыктары үчүн төлөнүүчү компенсацияны өз убагында төлөп берүү, материалдык шарттарын жакшыртуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Офицерлердин 90 пайыздан ашыгы батирсиз. Күйүүчү май, сапар чыгымдарына каражат тартыш. Аларга турак-жай үчүн жер ажыратылбай, жоокерлер жашаган казармадан тамчы өтөт.
Ички иштер аскерлеринин Жалалабатта жайгашканына он эки жылдан ашты. Бул убакыт ичинде өздүк чарба эсебинен бөлүк командири батирлүү болгонун айтпаса, офицерлердин 90 пайызы үйсүз. Маянанын аздыгына нааразы болгон аскерлердин бир тобу эмгек акыларын жогорулатуу, тамак-аш үчүн төлөнүүчү компенсацияны көбөйтүп, өз убагында жана башка жакка которулганда каражат берүү өтүнүчтөрү менен президентке, өкмөткө жана депутаттарга кайрылышкан. Бөлүктүн командири Ишенбек Батырканов жол чыгымдары чектелүү, күйүүчү май жетишсиз, тамак-аш үчүн үч айлык кошумча төлөнө электигин билдирди. Турак-жай курууга Жалалабатта 9, Кочкоратада 12 адамга жер ажыратылган. Офицерлер жалданма батирлерде жашайт:

- Бир жыл иштеген прапорщик айына 4 миң 833 сом алат. Бул акча азырынча жетиштүү деп ойлойм. Эртең-бүрсүгүнү бюджетте акча көбөйүп калса, өкмөт да караса балким акча көбөйтүлөр. Турак-жай маселе боюнча мэриядан бир да квартира бериле элек - деп айтты полковник Ишенбек Батырканов.

Көмөкчү чарбасында 16 үй, 23 кой-эчки болгон бөлүктүн жамааты клубду өздөрү курган. Ага лейтенант Канатбек Шамшиев каражаттын тартыштыгынан турак-жай курууга жер сатып алалбай жүрөт. Аскер тобунун башчысы «офицерлерге өкмөттөн жеңилдетилген кредит берилсе» деген сунушун ортого салды:

- Мен өзүм аракет кылып жатаканадан 2 бөлмөлүү квартира сатып алгам. Менден башка квартирада жашаган аскерлер квартпалата да, ком.услугасын да өздөрү төлөйт. Орусияда аскер кызматкерлерине ишке киргенде эле ипотека кредит берилип атат, бизде да ошондой жардам болсо жакшы болор эле.

Аскер кызматчылары унаа каражаттарында акысыз жүрүү укугунан ажыраган. Мүмкүнчүлүккө жараша оңдолуп-сырдалган казармадан жамгыр жааганда тамчы өтөт. Бир жыл кызмат өтөөр аскерлердин сырт жана бут кийимдери бат көөнөрүп, тез жыртылууда. Жыртылып, жуулган кийимдердин ордуна эски формаларды кийген жоокерлерге көбүнeсе бир түрдүү тамак-аш берилерин кенже сержант Тынчтык Айтиевден уктук:

- Бир жуугандан кийин кийимдер өңү өчүп, чирип калат. Азыр балдар айрылган кийимдерди кийип жүрөт. Бир түрдүү тамакты бере берет.

Ашкананын менюсунда жоокерге күнүнө 34 наамдагы тамак берилери жазылып турат. Көптөгөн проблемаларга карабай, бөлүк обулустагы өзгөчө маанилүү жайларды күзөтүүдө.