Италиянын жаңы өкмөтү түзүлдү

Италияда Романо Продинин башчылыгындагы жаңы өкмөттүн курамы жарыяланды. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигин белгилүү саясатчы Массимо Д*Алема жетектей турган болду. Экономика министрлигине мурда өкмөттө иштебеген Падоа-Скиоппа көрсөтүлдү. Серепчилердин айтымында, Романо Проди тарабынан ал жетектеген коалицияга кирген беш партиянын тең өкүлдөрүн өкмөткө киргизүү аракети жасалды.