Казакстанда оппозициянын өкүлү камалды

Казакстанда “Акыйкат Казакстан үчүн” оппозициялык кыймылынын лидерлеринин бири Алибек Жумабаев 5 жылга эркинен ажыратылды. Ага массалык башаламандыктарды уюштурган деген кине коюлду. Өлкөдөгү оппозициялык саясатчылар Алибек Жумабаевдин камалышын анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.