КАДАМЖАЙДАГЫ ЖОГОТУУЛАР ҮЧҮН ПАРЛАМЕНТ ГЕНЕРАЛДАРДЫ АЙЫПТООДО

Жогорку Кеңеш Кадамжай районунда болгон кагылышууда кыргыз жоокерлеринин көп санда каза болгон фактысын иликтөөгө киришти.
Лейлектен шайланган депутат Мурат Жураевдин айтымында,Кадамжайдагы окуя дагы кайталанышы ыктымал:

-Сиздерге белгилүү болгондой Баткен облусу үч мамлекеттин: Ооганстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасы кесилишкен жерде турат. Бул мамлекеттердин калкы өсүүдө. Ошондуктан бул жерде чатактар жыл сайын күчөй берет. Буга жооп катары биз чек ара кызматынын штабын Баткен облусуна которушубуз керек. Андан сырткары Баткенде башка өлкөнүн атуулдарына жер сатуу уланууда. Бул маселени да катуу көзөмөлгө алыш керек.

Депутат Темир Сариев Кадамжайда кыргыз жоокерлеринин көп курман болушуна күч структураларынын жетекчилигинин күнөөсү бар деп, аларды сынга алды:

12-майда болгон окуя бизди көп нерсеге ойлондурат. Анткени төрт кишини өлтүрдүк деп мактанышат. Ошол эле убакта биздин 6 адамыбыз каза болуп, 12 адамыбыз жарадар болду. Анын ичинде оор абалдагылар бар. Бул биздин атайын кызматтардын начар иштегенинен болуп жатат.

Парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Рашид Тагаев да Чегара кызматынын жетекчилигин кескин сынга алды:

-Ал жерге Субанов, Чомоев, Дубанаев, Жамалов сыяктуу мурдагы иштерин түзүктөп аткара албаган генералдар чогулуп алышкан. Ошондуктан ал жакта башаламандык. Натыйжасы да көзгө көрүнүп турат. Биз бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүп, иликтеп чыгышыбыз керек.

Кадамжай окуясын иликтеп, 10 күндүн ичинде парламентке отчет берүү жагы Коопсуздук жана коргонуу комитетине тапшырылды.

Парламентте айтылган сынга Чегара кызматынын аскер башчысынын орун басары генерал Садырбек Дубанаев минтип жоп берди:

-Тергөө жүрүп жатат. Кызматтык иликтөө да жүрүп жатат. Эмне туура, эмне туура эмес болгону аныкталат. Аны жашырган эч ким жок. Кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук кызматы тергеп жатат. Бүт жагдайды тергөө ачыкка алып чыгат.

Кол салгандардын ким, кайсы уюмга мүчө экендигин, максаты эмне экендигин да тергөө аныктайт деген Дубанаев, учурда мамлекеттик чек араны коргоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Бул арада Тажикстандын маалымат каражаттары Тажикстан жана Кыргызстан чек арасына кол салгандар Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү экендигин тажик күч структураларынын өкүлдөрүнө шилтеме жасоо менен жазып чыгышты.