Үч миңге чукул кылмышкердин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн мунапыс берүү тууралуу мыйзамдолбоорун кароону улантышат. Бул мыйзамдолбоору президент тарабынан 24-марттагы ыңкылаптын бир жылдыгынын урматына сунушталган. Ага ылайык 3 миңге чукул кылмышкердин мөөнөтү кыскарып, 200 чукулу боштондукка чыгат.