Баткендеги кагылышууну депутаттар иликтейт

БИШКЕК. 12-майда Баткенде болгон куралдуу кагылышууну парламенттин тиешелүү комитети 10 күн ичинде иликтеп, парламентке отчет берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин кечээги сеcсиясында кабыл алынды. Депутаттар Баткенде окко учкан 6 адамды бир мүнөт ордуларынан туруп эскеришти. Сессияда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга Баткен окуясынан сабак албагандык, бул операцияны жетектеген генералдардын алсыздыгы катары баа берилди.