ТАЛАП-ТОНООДОН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРДЫН ЗЫЯНЫ МИЛЛИАРД СОМДОН АШУУН

Болжолдуу эсеп менен алганда өткөн жылкы элдик ыңкылаптан кийин оголе көп ишкерлер 1 миллиард сомдон ашуун зыян тартышкан.
Элдик ыңкылаптан кийин ээликкен көпчүлүктүн талап-тоноосунан зыян тарткан ишкерлер бир жылдан бери өкмөткө өтүнүч артынан өтүнүч жөнөтүп келатат. Бирок да алар тарткан зыяндын ордун толтуруп берүүгө жетерлик оголе көп акча өкмөттүн колунда жок.

Анын үстүнө бул иштин артында тигил же бул ишкердин мурда канча салык төлөп келгени, эсеп-чотунун тактыгы сындуу биртоп мыйзамченемдүү суроолор турат. Кыргызстандын мурдагы өнөр жай, тышкы соода, туризм министри Алмазбек Атамбаев ар бир өкмөт мүчөсү өз чөнтөгүнөн 100 сомдон чыгарса деле бу маселе эчак чечилип каларын 24-марттагы элдик ыңкылапты өткөрүүгө арналган жыйында айткан болчу. Бирок да Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров андай пикирге макул эмес:

- Жеңил нерсе деп айталбайбыз. Анткени жалпы суммасы 1 миллиард 300 миллион ашуун сомго зыян тартышкан. Ошондуктан муну 100 сомдон эле чече койбойбуз деңизчи. Буюрса, бул маселени чечебиз.

Элдик ыңкылаптан кийин Бишкектеги «Бета сторес», «Гоин», «Дордой плаза», «Народный», «Силк вей», “Мадина” сындуу ири соода түйүндөрү, толгон-токой дүкөндөр таланып-тонолгон. Өкмөт жабыр тарткан ижарачылардын зыянын толтуруп бериш үчүн бюджеттен эки жарым миллион сом акча бөлгөн. Ага жүздөн ашуун ишкерлердин тизмеси киргизилген. Парламент депутаты Акматбек Келдибековдун ырасташынча, зыян тарткан ижарачыларга өкмөт сунуштагандай салык төлөөнү кийинкиге жылдырбастан, аларды салыктан бошотуу зарыл.

- Бул бүгүн төлөнө турган салыкты мамлекетке төлөбөй, жабыр тарткан ишкер зыяндын орду толгуча салык төлөбөй, тапкан акчасын өзүндө калтыруу деген сөз.

Өкмөттүн бюджеттен өөнөп берген 2,5 миллион сом жардам пулу өзгөчө муктаж ишкерлерге бөлүнгөн. Алардын саны 104 адамды түзөт. Буга кошумча, америкалык ЮСАИД агенттиги 700 миң доллар акча чыгарып, ал 130 адамга 5000 доллардан үлөштүрүлгөн. Дагы бир чалкеш маселе, патент системасы менен иштеп аткандардын көйгөйү.

- Проблема мындай. Мисалы ал патентчи. 100 миң сомдук зыян тартты. Ал ай сайын 1000 сомдон патент төлөйт. Эгер аны патент акысын төлөөдөн бошотсок, ал 100 ай салык төлөбөй иштейт. Бул 8 – 9 жыл. Ушундай жагдай,- дейт Кыргызстандын экономика жана каржы министринин орунбасары Мурат Исмаилов.

Талап-тонолгон ири соода түйүндөрүндө иштеген ижарачылардын маселесин өкмөт чечүү аракетин көрүп жатканы менен, Бишкектин чок ортосундагы «Бета сторес» чоң дүкөнү тарткан зыяндын ордун кантип толтуруу маселеси так чечиле элек. Түркиялык ишкерлердин ири соода түйүнү таланып-тонолгондон аз өтпөй «Аккеме – Пинара» мейманканасы тартылып алынган. Анын талашы ушу тапта экономика жана каржы министрлиги менен мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин ортосунда жүрүүдө.