Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Иран маселесин Брюсселде талкуулашат

Бүгүн Брюсселде Европа Биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселени жөнгө салуу жолдорун талкуулашат. Буга чейин Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр- Британия, Франция жана Германия Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу кризисти чечүү сунуштары камтылган документти иштеп чыгууга киришкен.