Куралчан топтун мүчөлөрү баары тең Тажикстандын атуулдары

БИШКЕК. Алардын «Хизбут-тахрир» диний уюмуна тиешеси бар жана Анжиян окуясынын бир жылдыгын эскерүү максатында ушундай аракеттерге барышкан. Бул топтун колго түшкөн бир мүчөсүн суракка алуу учурунда белгилүү болгонун «Азаттыкка» Баткен облустук бийлигинин коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев билдирди. Ал ошондой эле куралчан топтун калган мүчөлөрүн жок кылуу же колго түшүрүү операциясы бүгүн кеч киргенге дейре аякташы мүмкүндүгүн кошумчалады.