МАГАТЭ Иран боюнча Резолюциянын долбоору кайра каралып чыгаарын колдойт

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохамед Эль Барадей Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Иран боюнча Резолюциянын долбоорун кайра карап чыгуу жөнүндөгү чечимин колдоорун билдирди. МАГАТЭнин жетекчиси Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин белгиледи. Учурда Европа Биримдигине мүчө-өлкөлөр Иран боюнча жаңы документтин үстүндө иштөөдө.