Иракта жардыруулар улантылууда

Багдадда жардыруудан үч америкалык аскер набыт кетти. Ирактык шиилердин лидери аятола Али ас-Систани Эз-Зубайр шаарында сунний имамынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу мечит үч күнгө жабылсын деп буйруду.