Акматбаевдин өлүмүнө шектүү делген автоунаа кармалды

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда бүгун Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө шектүү делген кара түстөгү «Ауди-100» чет элдик үлгүдөгү автоунаа кармалды. Анын ичинен 3 Калашников автоматы табылган. Учурда бул автоунаа кимге таандык экендиги иликтенүүдө.

Күбөлөрдүн билдирүүсүндө 10-май күнү кечки саат 18ден кийин Көкжар айылында мечиттен чыгып бараткан Рысбек Акматбаевге ок аткандар «Ауди-100» автоунаасы менен качып кетишкени айтылат.