Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Тегеранды өзөктүк маселе боюнча ачык болууга чакырды. Коопсуздук Кеңешине мүчө-өлкөлөр Иранга карата санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган Резолюция боюнча буга чейин орток пикирге келише алган жок. Тегеран анын өзөктүк программалары тынчтык максаттарды көздөөрүн белгилеп келет.