Рыспек Акматбаев Бишкекте киши өлтүргүчтөрдүн аткан огунан кайтыш болду

БИШКЕК. Окуя 10-майда түштөн кийин саат төрт жарымдарда Көкжар жаңы конушундагы мечитте болгон. Рыспек Акматбаев мечиттен чыгып келатканда аны көздөй белгисиз бирөөлөр ок жаадырган. Ок жаңылган Акматбаев ошол жерден кайтыш болгон. Атылган октон дагы эки өспүрүм бала жарадар болгону айтылууда. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, атышуу болгон жерден 31 октун гильзасы табылган. Бирок Рыспек Акматбаевдин сөөгү укук коргоо органдары баргыча алынып кетип, аны соттук- медициналык экспертизадан өткөрүү иштери боло элек. Рыспек Акматбаевдин адвокаты Рыспек Нагаевдин айтымында, анын сөөгүн дароо туулган айылына алып кетишкен, бүгүн эле жерге коюлат.