Жорж Буш АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигине талапкерди көрсөттү

Президент Буш АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директорлугуна генерал Майкл Хайдендин талапкерлигин сунуштады. Бирок, анын талапкерлиги Конгрессте ар кандай ой-пикирлерди жаратууда. Генерал Хайден 20 жылдан ашуун мезгил ичи чалгындоо органдарында иштеп келген. ЦРУнун мурдагы жетекчиси Портер Госс өткөн аптада отставкага кеткен.