Ирандын президенти Индонезияга иш-сапары менен барат

Бүгүн Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын иш-сапары менен Жакартага барышы күтүлүүдө. Индонезиянын тышкы иштер министри Жакарта Ирандын өзөктүк программаларын тынчтык максаттарда өнүктүүгө болгон укуктарын жактаарын, бирок, өзөктүк куралды өнүктүрүүгө каршы экендигин билдирди. Эки өлкөнүн президенттери өзөктүк маселелер, ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Азиза Турдуева