ЖАЛАЛАБАТ : МЕКТЕПТЕН МЕЧИТКЕ КАЧКАН ЖАШТАР

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалалабат облусунун Сузак жана Ноокен райондорунда окуучулардын сабакты таштап, жума күндөрү мечитке барганы байкалган. Өлкөдө расмий уруксат берилбеген «Хизб-ут-тахрир» партиясы жана дин үгүтчүлөрүнүн таасири менен мектеп кийимин чанып, бетин чүмкөп, же жоолук салынып жүргөн кыздар көбөйүүдө. Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүндөгү эки мектептеги чыр-чатак тиешелүү тармактардын катышуусу менен аран басылган.
Диний түйүндөр жана үгүтчүлөрдүн, дин эркиндигинин таасири менен облустун айрым мектептеринде сабакты таштап кетүү жана кыз-келиндердин мектеп кийимдерин чануу адаттары өсүүдө. Ноокен районунда дин үгүтчүсү кыздардын бети-башын чүмкөп жүрүүсүн талап кылган:

- Мектепте окуган балдар-кыздардын ата-энелерине айтып, ыймандуулук сактасын, жоолук салынып барсын деп “Хизб-ут Тахрир” агымынын мүчөсү айтат - деген ички иштер бөлүмүнүн башчысы Исабек Мурзажановдун маалыматы боюнча Сузак районундагы эки мектепте окуу тартибине баш ийбеген өспүрүмдөр жума күндөрү мечитке катташкан. Балдар расмий катталбаган саясий уюмдун жетегинде калган:

- Бегабат зонасында да аябай курчуган. Бул жерде анча-мынча фактылар болуп жүргөн. Себеби булардын аталары өздөрү уюмдун мүчөсү болуп, анан аялына, балдарына өткөрөт.

«Хизб-ут-тахрир» партиясынын Жалалабаттагы өкүлү Бактыяр Жумабаев «7 жаштан намаз окууну Алла-Тааланын буйругу» - деп эсептейт. Анын оюнда жекшембини жума күнгө алмаштыруу керек. Жума күнү сабак окутуу, жумуш иштөө туура эмес:

- «Хизб-ут тахрир» партиясы Алла-Тааланын буйругун кабыл алган. Мусулман болгон соң 7 жаштан тартып, ислам тарбиясын алуусу зарыл. Мектептерде орустардан калган жекшемби, дем алуу күнү болот. Аны жума күнгө которуу зарыл. Балдар намаз жумага барууга милдеттүү. Мусулманбы, кыздар да чүмбөт жаап жүрүшсүн, - дейт Бактыяр Жумабаев.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нургазы Маматов мектеп кийими тууралу атайын мыйзам кабыл алууну каалайт. Сабак таштап, мечитке кеткен балдардын ата-энелери менен тартип сакчысы Атабеков айыл өкмөтүндө араздашкан. Коомчулуктун кийлигишүүсү менен жаңжал араң басылган:

- Жумага бешинчи класстын беш-алтыдан окуучулары барып кеткен фактылары катталып атат. Мектептин өзүнүн тартиби бар. Ошону сакташ керек. Ошолорду түшүндүрүп, сүйлөшкөндө, ата-энелер макул болуп эми балдары жумага барбай турган болушту.