БИШКЕК. «Улуу Жеңиш күнү биздин калкыбыз үчүн эң ыйык жана кубанычтуу майрамдардын бири болгон жана болуп кала берет. Жеңиш майрамы – жеке эле Даңктын жана Эскерүүнүн күнү эмес. Бул күн - биздин ар бирибиздин азыркы учур жана балдарыбыздын бейпил келечеги үчүн жоопкерчилигибиз тууралуу эске салып, ойлонтуп туруучу күн” деп айтылат президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү куттуктоосунда.