Кыргызстан өзөктүк террор актылары менен күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияга кошулду

БИШКЕК. Кыргыз президентинин буйругуна ылайык, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Н. Жээнбаев БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында аталган конвенцияга кол койду. Кыргызстан учурда террорчулуктун ар кайсы түрлөрү менен күрөшүү боюнча 13 эл аралык конвенциянын тогузуна катышууда. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.