БИШКЕК. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында “Юнона жана Авось” рок-балетинин бет ачары болуп өттү. Алексей Рыбниковдун рок-операсынын негизинде коюлган бул балетти Анастасия Куликова сахналаштырды. Ал учурда Москвадагы балдардын академиялык музыкалык театрында иштейт. Аталган спектакль 1806-жылы “Юнона жана Авось” жел кемеси менен Американын Калифорния штатына барган орустун графы Николай Резановдун тагдыры, кейиштүү махабаты жөнүндө баяндайт.
Аманбек Жапаров, Бишкек
Редактору Бакыт Орунбеков
Аманбек Жапаров, Бишкек
Редактору Бакыт Орунбеков