Американын тикучмасы кулады

Ооганстанда америкалыктардын аскери тикучмасы кулап түштү. Анын бортундагы он кишинин баары набыт болду. Аскери өкүлдөрдүн айтымында, тикучма жерден аткыланган эмес. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.