Ырысбай Абдураимов, Жалалабат Жалалабат облусунун айыл-кыштактарынын 74 пайызы таза сууга зар болсо, ал маселе Аксы районунда өзгөчө сезилүүдө. Үч айыл өкмөт «Таза суу» долбооруна киргени менен ал жерлерде курулуш иштери кечигип, жергиликтүү эл сууну дагы эле арык-чөнөктөрдөн алышат. Жамгыр суусун ичкен эгиндин түшүмү жок. Койташ айылы акча топтогону менен долбоорго кирбей калган.
Аксынын Өзбекстан менен чектешкен Кашкасуу айылындагылар таза суунун көйгөйүн кыйладан бери тартышат. Азия өнүктүрүү Банкынын колдоосунда ишке ашырылаар долбоорго ылайык жерге жаткырылган куурлар кароосуз калгандыктан талкаланганын айыл тургуну Абдраим Нарынбаев байкап, тиешелүү уюмдарга айтса да жыйынтык чыкпаган:
- Таза сууга деп элден канчалаган акча чогултту, эми дагы деле курулуп бүтпөйт.
Райондон алыс, жолу менен жашоого шарты катаал Койташ айылы да сууга зар. Кыштак тургундары 5 пайыздык акчаны топтогону менен долбоорго кирбей калган. Суу түтүктөрү алда качан иштен чыккан:
- Элден акча топтоп ишеничтүү долбоор түзгөң адамга бергенбиз. Үч ай болду токтоп турат. Агым суудан ичип атабыз. Саратан жайкы мезгилинде сууну биз ташып ичебиз.
Айыл башчы Рүстөм Чекирбековдун айтымында суунун жоктугунан жамгыр менен көгөргөн эгин түшүм бербей, элдин мээнети текке кетүүдө:
- Элдин 70 пайызы сууга муктаж. Кошумчалап кете турган нерсе, эгинди сугаруу боюнча бир насосубуз бар эле, ал жараксыз болуп калды.
«Таза суу» долбооруна кошулган үч айылда суу түтүктөрү кайра жаңыртылган.
-“ Кербен таза суу” деген бар, бул боюнча былтыр июнь айында бериши керек эле, ал бүтпөй быйыл июнга калып атат.
Акимдин орунбасары Абил Курбановдун маалыматында бүткөн иштердин чаласы бир топ. Койташ кыштагы долбоорго эми кириши ыктымал. Кербен шаарында былтыр аяктамак болгон долбоор эмдигиче бир жаңсыл бололек.
- Убагында аткарылбаган материалдарын таба албагынан, түтүктөрү сапатсыз болуп калгандыгынан аны кайра алмаштырып, ишти создуктуруп, финансы чечилбей атат деген шылтоо менен ушуга убака чейин калып калган, болбосо өткөн күздө эксплуатацияга берилмек эле.
Район борборундагы таза суунун берилишине элден акча толук жыйналбай жатканы каскак болууда дейт аким орунбасары:
- Бир жарым миллионго жакын акча чогултулуптур, дагы миллиондон ашык элден чогулта элек акчалары бар.