Кыргызстандын баш мыйзамынын долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топ август айынын башында президентке кыргыз тилинде жазылган эки долбоорду сунуштамай болду. Бул тууралуу 5-май Конституция күнүнүн алдындагы жолугушууда тараптар макулдашты.
Азыр жумушчу топтун колунда он чакты мыйзам долбоору турат. Жаңы долбоорлорду сунуштоого саясий партияларга, коомдук уюмдарга 30-майга чейин мөөнөт берилди. Алардын негизинде президенттик жана парламенттик башкарууну негиздеген эки долбоор иштелип чыгат. Долбоорлордун бири ушул жылдын акыркы айларында референдум аркылуу тандалып алынаары күтүлүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров жетектеген топ долбоорлорду 7-августка чейин президенттин кароосуна берүүнү көздөп жатат.
Бирок, жумушчу топтун юридикалык жактан сабаттуу, толук кандуу орток мыйзам иштеп чыгаарына көзү жетпегендер да коомдук-саясий чөйрөдө аз эмес. Маселен, коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева президенттик-парламенттик башкарууну камтыган өз долбоорун сунуштаганы турат. Бирок, топтун ар кандай кызыкчылыктардан тышкары иштерине ишенбейт.
-Ал үчүн системаны жакшы билген кесипкөйлөр иштеши керек. Алардын ичинде баары тең эле кесипкөй юристтер эмес,-дейт Токтайым Үмөталиева.
«Улуу биримдик» улуттук саясий партиясынын лидери Эдил Каптагаевдин айтымында жумушчу топко ишеним артпоого курамдын чектелүүлүгү себеп болууда:
- Коомдогу пикирлерди алып келе турган кишилер толук камтылган жок да. Саясий күчтөр, аларды алып келе турган саясий ишкерлер толук камтылган жок.
Эмил Каптагаев башкаруунун формасын аныктоо максатында референдум өткөрүүнү проблеманы элге сала-сал кылуу катары эсептейт. Анын оюнда, бул маселенин төркүнүн карапайым эл эмес, саясий чөйрө аңдап, түшүнө элек. Ошондуктан, аны саясий чакан чөйрөдө консенсус жолу менен аныктоо керек болчу дейт саясатчы.
Мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жардыгын президент Курманбек Бакиев Конституциялык кеңешме ишин жыйынтыктагандан кийин чыгарган. Президенттик башкарууну жактаган Курманбек Бакиев парламентте 3-февралда сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүдөй түшүндүргөн:
- Парламенттик башкаруунун чакан жактоочулары ушунчалык активдүү болуп, ишендирүүгө аракет кылгандыктан, жарым жылдык майнапсыз сөздөн кийин башкаруу формасын жалпы элдик талкууга алып чыгууга барууга аргасыз болдум.
Бирок, парламенттик башкарууну жактаган мындай депутаттардын бири, «Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын төрагасы Кубатбек Байболов баштаган топ бул оюнан кайтты. Президенттик башкарууга негизделген жаңы долбоорду ал 2-майда президенттин кароосуна берди.
- Бизди башкаруунун формасына байланышкан жемишсиз талаш-тартышка кошуп келишкен. Башкаруу формасы башкы маселе эмес экенин биз башынан бери эле айтып келатканбыз, - деген Кубатбек Байболов түпкүлүгүндө парламенттик башкарууну жактайт. Бирок, азыркы реалдуу жагдайда компромисске баруу үчүн ушундай кылганын айтат. Муну талдоочулар Конституциялык реформанын айланасындагы чыңалууну жумшартуучу кадам катары баалап жатышат. Бирок, оппозициялык саясатчылар жумушчу топ президент менен парламенттин укуктарын теңештирген бул мыйзам долбоорун илүү кыларынан күмөнсүнүп турушат.