Баку декларациясына Кыргызстан да кошулат

БИШКЕК. Бул декларация экономикалык кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бүгүнкү жыйынынын негизинде кабыл алынат. Аталган уюмдун эртең болчу саммитине Кыргызстандан биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов баштаган топ катышмакчы. Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы Түркия, Иран жана Пакистан тарабынан түзүлгөн. Кийинчерээк алардын катарына Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан Өзбекстан жана Ооганстан кошулган.