Закариас Мусауи өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө отурат

АКШнын присяжныйлар соту мына ушундай бүтүмгө келди. 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдарга тийешеси бар деп айыпталган 37 жаштагы теги мароккалык французду айыптоочулар өлүм жазасына тартууну талап кылышкан эле. Аталган чабуулдарга байланыштуу Кошмо Штаттарында башка бир да кишиге айып коюлган эмес.