1874-жылдын бу күнү мундуз уруусу Россия империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылган 1924-жылдын бу күнү Түркстан коммунисттик партиясынын VII курултайы ишин баштаган.
1874-жылдын бу күнү мундуз уруу өкүлдөрү Алтыбай бий, Жанузак бий жана Махмуд мырзалар мундуз уруусун Россия империясынын курамына кабыл алуу өтуңүчү менен генерал Колпаковскийге кайрылышкан. Кайрылууда, алардын 1873-жылы Кокон хандыгынан бөлүнүп жана анын куугунтугунан качып Түркстан аскер округуна келгендиги кабарланат. Кокондуктар мундуз уруусуна кысым көрсөтүп эле тим болбой, аларды талап-тоноп чекесинен кырып баштаган.
1924-жылдын бу күнү Түркстан коммунисттик партиясынын VII курултайы ишин баштаган. Курултайда Түркстандын саясий-экономикалык өнүгүүсү жана улуттук республикалардын өз алдынча уюшулуш маселелери каралган.
1955-жылдын 4-майында СССР Министрлер кеңши “Союздук республикалардын чарбасын мамлекеттик пландоого киргизүү жана финансы тартибин өзгөртүү” Токтомун кабыл алган. Токтомго ылайык, Кыргызстандын ишкана, өнөр жайлары продукцияны өңдүрүү жана пландоо укугун алышкан.
Май айынынын 4-Японияда Эс алуу күнү деп белгиленет. 1988-жылдан бери бу күн мамлекеттик майрам тизмесине киргизилди жана ал Япониядагы “алтын апта” аталган майрам жумалыгына туш келет.
4-май Нидерландияда фашисттик оккупациядан бошонуу жана Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленет.
4-май Кытай Элдик Республикасында Жаштар майрамы деп тосулат. Бу күнү өлкөдө кадимкидей жумуш токтобой турганы менен гезит, журналдардын тематикасы жаштарга арналып, Пекиндеги Таньяньмэнь аянтындагы партия багытын колдогон митинг, жүрүштөр уюштурулат.
1848-жылдын 4-майында Францияда революциялык бийликтин Уюштуруу жыйыны ишин баштаган.
Бу күнү – 1749-жылы атактуу англис жазуучусу Шарлотта Смит; 1772-жылы теңдешсиз энциклопедиялык сөздүктүн түзүчүсү Фридрих Арнольд Брокгауз; 1817-жылы орус тарыхчысы Николай Костомаров; 1825-жылы англис табияттаанучусу Томас Гексли; 1881-жылы орус убактылуу өкмөтүнүн башчысы Александр Керенский жарык дүйнөгө келген.