А. МАДУМАРОВ: «КЫЗМАТТАН ТРАГЕДИЯ КЫЛБАЙ ЭЛЕ КЕТЕ АЛАБЫЗ»

Кыргыз өкмөтүнүн он төрт мүчөсү кечээ кызматтан кетүү тууралуу арыз менен президент Курманбек Бакиевге кайрылып, бирок, колдоо тапкан жок. Министрлердин демилге көтөрүшүнө өкмөт мүчөлөрүнүн сексен пайызына парламенттин канагаттандырарлык эмес баа бериши түрткү болду.
Министрлердин кызматтан кетүү аракетине байланыштуу маалымат жыйынын вице-премьер министр Адахан Мадумаровдун уюштурду. Анын айтымында, парламент Конституцияга, өкмөт жана регламент жөнүндөгү мыйзамга ылайыксыз кадамга барды:

- Толугу менен өкмөттүн иши канагаттандырарлык бааланып, бирок, өкмөт мүчөлөрүнүн сексен пайызынын иши канагаттандырарлык эмес деп таанылып атпайбы. Бул «Өкмөт жөнүндөгү», «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдарга, Баш мыйзамга каршы келет. Себеби, алдын ала күн тартибине киргизип, ар бир министрге, ар бир өкмөт мүчөсүнө отчет берүүгө мүмкүндүк бериши керек болчу.

Ошондуктан, Мадумаров өкмөт мүчөлөрү бул кадамга өздөрүнүн кызматка байланбай тургандыгын далилдөө максатында барды жана муну парламентке каяша кылуу үчүн жасаган жок деп билдирди:

- Бул депутаттарга каршылык көрсөтүү эмес. Биз эртеби-кечпи, мамлекеттик кызматкер кандайдыр бир трагедиясыз эле кызматтан кете ала тургандыгын көргөзгүбүз келди.

Мадумаровдун айтымында, министрлер өздөрү кызматтан кетерин билдирүү менен бирге, премьер министр Феликс Куловдун алардын катарына кошулуу демилгесин колдошкон жок. Ал эми президент Курманбек Бакиев маселеге байланыштуу өткөн жолугушууда өкмөттүн азыркы курамы менен кызматташтыгын улантаарын билдирип, министрлердин арызын кабыл алган жок:

- Президент ар бирибизди угуп, өз чечимин чыгарды. Берилген арызга караманча макул болгон жок. Парламенттин ар бир өкмөт мүчөсүнө баа беришин мыйзамсыз деп санады.

Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, өкмөт мүчөлөрү менен президенттин жолугушуусунда «Алга, Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү өңдүү бир катар депутаттар тобу эки бийликти каршылаштыруу максатында атайын аракеттер жасалып жаткандыгы тууралуу кеп болду.

Ал эми парламент мүчөлөрү өкмөттүн ишине берилген баада мыйзамга каршы келе турган, өкмөт мүчөлөрүнүн намысына тие турган эч кандай өңүт жогун айтып жатышат. Алардын бири, депутат Рахатбек Рысалиев депутаттар чыйралып иштеп, өксүктөрүн оңдоого жардамы тийсин деген максатта өкмөткө ушундай баа беришкен дейт.

Депутат Эркин Байсаловдун айтымында, "эгер кетсин деп чечим кабыл алына турган болсо, анда токтомго кирмек. Бирок, токтомго кирген жок да. Биз эмне үчүн эки бюллетень менен добуш бердик? Анткени, биринчи бюллетень менен премьер министрдин ишине баа бердик. Ал эми экинчи бюллетень аркылуу ар бир министрдин ишине баа бергенибиз токтомго кирген жок. Токтомго кирбеген соң, министрге ишеним көрсөтпөө деген маселе көтөрүлгөн жок".

Депутат Байсаловдун көз карашында, мындай чечим дегеле министрлердин толук курамында кызматтан кетишине негиз болуп бере алмак эмес. Бул жагынан депутат айрым талдоочулардын өкмөт парламентке кыр көрсөтүү ишарасын жасап жатат деген божомолуна кошулат.