«Пирамида» телеканалынын редактору Е. Чернявскаяны коркутуп-үркүтүүлөр эл аралык уюмдарды тынчсыздандырууда

БИШКЕК. "Чек арасыз репорторлор" уюму “Пирамида” телеканалынын редактору Елена Чернявскаяга болгон коркутуп-үркүтүүлөргө карата тынчсызданган билдирүү жасады. Анда кыргыз өкмөтүнө мындай коркутуулардын артында кандай күчтөр тураарын табуу өтүнүчү айтылган. "Пирамиданын" редакторуна 25-апрелде белгисиз бирөөлөр чалып, бийликти сындаганды токтотпосо өлтүрүп койобуз деп коркутушкан.