Кыргызстан маалымат каражаттары эркин эмес мамлекеттердин катарында

БИШКЕК. Эл аралык «Фридом Хаус» эл аралык уюмунун былтыркы жыл үчүн жарыялаган салттуу отчетунда Кыргызстан 137-орунду ээлеп, мурдагыдай эле маалымат каражаттары эркин эмес мамлекеттер деген бөлүктө калган. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 165-чи, Тажикстан 167-чи, Өзбекстан 187-чи, Түркмөнстан 190-чу орунду ээлеген.