Кумтөр ишканасында алтын чыгаруу азайып кетти

БИШКЕК. Кумтөр ишканасы өзу тараткан маалыматка караганда биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча 2763килограммдан ашыгыраак алтын өндүрүлгөн. Былтыр үч айда бул көрсөткүч дээрлик 4 402 килограммды түзгөн болчу. Быйыл биринчи чейректе аталган ишкана тарабынан Кыргызстандын бюджетине 293 миллион сомдон ашык салык жана башка төлөмдөр которулган.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров