Өмүрбек Текебаев 29-апрелдеги митинг максатына жетти деп эсептейт

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты, «Реформа үчүн» кыймылынын тең төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, 27-майга белгиленген митингге коюулуучу талаптар азырынча так аныктала элек. Бирок анда азыркыдан күчтүрөөк талаптар койулмакчы. «Президент менен өкмөт башчы алдында 3-4 сокур саясатчы эмес элдин өкүлдөрү турганын, бүгүнкү саясаттагы кемчиликтерди оңдоо зарыл экенин моюнга алат деген ойдобуз», деп белгиледи Өмүрбек Текебаев бүгүн «Азаттыкка» берген маегинде.