Каржы министрлигиндеги өрттүн себептери иликтенүүдө

БИШКЕК. 29-апрелде Каржы министрлигинен чыккан өрттүн себептери иликтенүүдѳ, лабораториялык текшерүүлөр бүткөндөн кийин жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу 30-апрелде Бишкек шаардык өрткө каршы кызматтан билдиришти. Ѳрттүн чыгышына, алгачкы маалыматтарга караганда, кондиционер себеп болгон. Ѳрт учурунда аталган министрликте жайгашкан борбордук казыналыкка тиешелүү эки бѳлмѳ ѳрттѳнүп кеткен.